Ссылки доступа

Грекия туристтерге эшигин ачат


Жекшембиде Грекия коронавирус эпидемиясынан улам киргизилген карантин чараларын жумшартты. 15-июндан тартып Грекияга 29 өлкөнүн жарандары карантинсиз кире алат. Алардын тизмеси май айында эле жарыяланган.

Тизмеге Грекияга коңшулаш жайгашкан Кипр, Албания, Түндүк Македония, Сербия, Черногория, Хорватия, Болгария, Румыния, Мальта кирди. Борбордук жана Батыш Европадан Венгрия, Чехия, Словения, Словакия, Германия, Австрия, Швейцария бар. Мындан тышкары Жакынкы жана Алыскы Чыгыштагы бир нече өлкөнүн – Израиль, Ливан, Кытай, Жапония, Түштүк Корея, Австралия, Жаңы Зеландия жарандары да Грекияда эс алууга мүмкүнчүлүк алат.

Грекия Евробиримдике мүчө өлкөлөрдүн ичинен пандемиядан азыраак зыян тартты. Коронавируска жалпысынан үч миңдей киши чалдыккан. Соңку суткада 17 киши гана вирус жуктуруп алганы аныкталды.

Видео

XS
SM
MD
LG