Ссылки доступа

Казакстан ИИМи: 6-июндагы митингдерде 53 киши кармалды


Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 6-июнда полиция бөлүмдөрүнө митингдердин 53 ыктымал катышуучусу жеткирилгенин билдирди.

Мекеменин сайтындагы маалыматка ылайык, сегиз киши административдик жоопкерчиликке тартылып, жетөөнө айып пул салынган. Дагы бир кишиге эскертүү берилген.

Polisia.kz сайтындагы маалыматка караганда, эки адамга карата «Бийлик өкүлүн кемсинтүү жана кол көтөрүү» беренеси боюнча тергөө башталды. Калгандары профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин үйлөрүнө кое берилген.

Байкоочулар 6-июнда кармалгандар ИИМдин маалыматында көрсөтүлгөндөн беш эсе көп экенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, ал күнү 311 киши куугунтукка кабылып, 276сы кармалган. Нур-Султанда кеминде үч активист тынч жыйындарды өткөрүү эрежесин бузуу айыбы менен 10 жана 15 суткага камакка алынганы белгилүү.

Июндун башында «Тынч жыйындар тууралуу» жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялар өтүүдө. Бийлик Нур-Султан, Алматы, Семей, Актөбө, Кызыордо, Орол жана Шымкент шаарларында адамдар митингдерге уруксатсыз чыкканын билдирип, жапырт түрдө кармады. 6-июнда активисттер менен укук коргоочулар бери дегенде жети шаарда 100дөн ашык киши кармалганынан күбө болушкан. Алардын көбү ошол эле күнү кое берилген.

Дем алыш күндөрү өткөн акциялардын катышуучулары саясий туткундарды бошотуу, жерлердин чет өлкөлүктөргө сатылышына жол бербөө жана насыяларга мунапыс жарыялоо өңдүү талаптарды айтып чыгышкан.

Видео

XS
SM
MD
LG