Ссылки доступа

Өзбекстанда полиция кызматкерлерин тамашалаган куудулдар кечирим сурашты (видео)


Өзбекстанда тамашалуу көрсөтүүнүн актерлору Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлерин туурагандыгы үчүн кечирим сурашты. Видео башкармалыктын сайтына жарыяланды.

Актерлор Эркин Чолиев менен Дониер Хасанов апрелде ЖКККБ кызматкерлеринин иши жөнүндө юмор тартышкан. Алар жол сакчылары айдоочулардан кантип пара өндүрүп аларын чагылдырып беришкен.

Кийин бул берүү үчүн Эркин Чолиев менен Дониер Хасанов кечирим сурап, полиция кызматкерлерин сыйлашарын айтышкан. Алар инспекторлорду негизсиз шакаба кылышканын, программанын сценарийин кайра түзүшөрүн билдиришкен.

Соңку мезгилде постсоветтик өлкөлөрдө өз пикирин ачык билдергени үчүн куугунтукка кабылып, эл алдында кечирим сураган учурлар көбөйүүдө. Өзгөчө пандемия маалында бийликтин кемчиликтерин айтып чыккан айрым жарандар кайрадан кечирим суроого мажбур болушканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG