Ссылки доступа

Түркмөн президенти бюджеттик кызматкерлерге маяна төлөнө электигин мойнуна алды


Түркмөнстанда бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер бир нече айдан бери айлык маяна алыша элек.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, Лебап облусундагы цемент заводу марттын, мунайды кайра иштетүүчү завод апрелдин, ооруканалар жана маданият үйлөрүнүн кызматкерлери майдын айлыгын ала элек. Айыл чарба тармагында иштегендерге январдан бери маяна төлөнгөн жок.

Ашхабадда болсо айрым ишкана-мекемелердин кызматкерлери май айы үчүн айлык акысын алыша элек.

Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов 5-июндагы өкмөттүн жыйынында айлык акыны өз убагында төлөө маселесин көтөрдү.

Мамлекеттик ТДХ маалымат агенттиги билдиргендей, мамлекет башчы вице-премьерге мындай кырдаалдын жаралышына эмне себеп болгонун иликтеп, аны чечүү үчүн ыкчам чара көрүүнү тапшырды.

Түркмөн бийлиги өлкөдө экономикалык кризис өкүм сүрүп жатканын мойнуна ала элек.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG