Ссылки доступа

Пхеньян Сеул менен байланышты токтотконун билдирди


Пхеньян бүгүнтөн тартып Сеул менен телефондук байланышты токтотот. Бул тууралуу Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Билдирүүдө Түндүк Корея 9-июнда түшкү саат 12де өкмөттөр жана аскердик мекемелер ортосундагы байланыш линияларын өчүрө тургандыгы белгиленген.

«Мындан ары Түштүк Кореянын бийлиги менен талкуулай турган эч нерсебиз жок. Түндүк Кореянын жетекчилиги «саткындар жасаган кылмыштары үчүн жооп бериши керек» деп, эки өлкө ортосундагы байрдык байланыш каражаттарын толук өчүрүү тапшырмасын берди», — деп жазылган агенттиктин билдирүүсүндө.

Өткөн жумада Пхеньян Сеулду чектеш аймактарга үгүт баракчаларын чачууга айыптаган. Түндүк Корея түштүктөгү коңшусунан муну токтотууну талап кылып, бардык байланыштарды үзөрүн эскерткен.

Шейшембиге караган түнү Түштүк Кореянын бийлиги Пхеньян телефон чалууларга жооп бербей калганын билдирген. Сеул коңшусу менен чек арадагы куралдуу жаңжалдарды токтотууга арналган резервдик линиялар аркылуу да байланыша алган эмес.

1950-1953-жылдардагы Корей согушу аяктагандан бери эки өлкө тынчтык келишимине кол коюша элек.

XS
SM
MD
LG