Ссылки доступа

Жээнбеков: Улут аралык ынтымак коргоого, аяр мамилеге муктаж


Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы июнь окуяларынын 10 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Анда 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн кайгылуу окуя эгемен мамлекет үчүн эң оор сыноо болгону айтылып, бүгүн ошол апаатта кайтыш болгондор эскерилип жатканы белгиленген.

"Каза болгондордун ата-энелерине, балдарына, жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Ошол оор күндөрү өлкөбүзгө колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка ыраазылык билдиребиз. Бул кайгылуу окуя, коомдогу ынтымак баарынан бийик дөөлөт экенин дагы бир ирет көрсөттү. Улуттар арасындагы биримдик, этностордун ортосундагы ынтымак ар дайым өтө аяр мамилеге, дайыма коргоого муктаж экенине ынандык" деп жазылган президенттин билдирүүсүндө.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды элдин ынтымагын бекемдөөгө, улут аралык ынтымакты чыңдоого, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошууга чакырган.

Бүгүн, 10-июнда 2010-жылы болгон июнь коогалаңына он жыл болду. Президент Ош шаарына барып, коогада набыт болгондорду эскерүү иш-чараларына катышып, "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл койду, курман болгондорго куран окулду.

Президент маркумдардын туугандары менен жолугушуп, кайгылуу күндөр элдин эсинен кете электигин белгиледи.

2010-жылдагы июнь окуясында 400дөн ашык адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жаракат алганы, 57 адам дайынсыз экени айтылып келатат. Расмий маалыматтарга караганда июнь окуясы боюнча кылмыштар жалпы 360 кылмыш ишке бириктирилип, анын негизинде соттор 224 ишти караган.

XS
SM
MD
LG