Ссылки доступа

Анжиянда өзбек-корей ишканасынын жумушчулары жарым айдан бери заводдо түнөп иштеп жатышат


«UZ DONG YANG CO» заводунун жумушчулары

Коронавирустан улам киргизилген карантин режими маалында Анжиян шаарындагы өзбек-корей биргелешкен «UZ DONG YANG CO» ишканасынын жумушчулары 15 күндөн заводдо түнөп иштеп жатышат.

– Бул жерде түнөп иштегенге эч кандай шарттар жок. Биз полу бетон кампада уктап жатабыз. Түрдүү курт-кумурскалар көп. Жетекчилик каалабасаңар жумуштан кете бергиле деп жатат. Ишсиз калуудан коркуп мындай шарттарга макул болууга аргасызбыз», — деди заводдун кызматкерлеринин бири.

Дагы бир жумушчунун айтымында, жетекчилик аларды күнүнө 10-12 саттан иштөөгө мажбурлоодо.

«...Биздин ишкана өтө кирелешүү деп эсептелет, бирок айлыгыбыз болгону 1 миллион 300 миң гана сум (380 доллар). Башка жерде мындай айлык жок болгондуктан, ушундай эмгек шарттарына макул болуп жатабыз», – деди ал.

Өз кезегинде «UZ DONG YANG CO» компаниясынын өкүлү жумушчулар коронавирустан сактануу үчүн түнкүсүн өз каалоолору менен калып жатышканын билдирди.

– Коронавирустун жайылуусун алдына алуу максатында башка ишканалар сыяктуу эле биз да 15 күндүк нөөмөттөрдү уюштурганбыз. Бардыгы жумушчулардын каалоосу менен болуп жатат. Аларга күн сайын үч маал бекер тамак берилип, бардык шарттар түзүлгөн», — деди завод жетекчисинин жардамчысы.

Өзбек-корей биргелешкен «UZ DONG YANG CO» ишканасы 1996-жылы ачылган. Ал Chevrolet үлгүсүндөгү автоунаанын салону үчүн тетиктерди өндүрүү менен алектенет. Азыр заводдо миңден ашык киши иштейт.

Видео

XS
SM
MD
LG