Ссылки доступа

Июнь коогалаңынын сүрөттөрдөгү элеси (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Июнь коогалаңынын сүрөттөрдөгү элеси. 10-июнда 2010-жылы болгон июнь коогалаңына он жыл болду. 2010-жылдагы июнь окуясында 474 адам каза болуп, эки миңге чукул адам ар кандай деңгээлде жараат алганы кабарланган. Окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 13ү ушул күнгө дейре табыла элек. Коога учурунда Ички иштер министрлигинин он кызматкери, атайын кызматтын бир кызматкери мерт болгон. (видео)

- Отунбаева: Июнь окуясы атайын уюштурулган деп эсептейм. 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон июнь окуясы атайын уюштурулган. Мындай пикирин ошол кезде Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары Кыргызстандын башчысы болуп турган экс-президент Роза Отунбаева «Азаттыкка» берген эскерүү маегинде билдирди. Анын айтымында, ошол кезде жаңжал чыгарууга көп күчтөр кызыкдар болгон. Ушул күндөрү Кыргызстанда 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон июнь коогалаңынын он жылдыгы эскерилүүдө. (видео)

- Калабадагы журналистика: жоопкерчилик жана милдет. 2010-жылкы июнь окуясын чагылдырууда журналисттер жеке коопсуздугун тобокелге салып, коомчулукка маалымат таратып турушкан. Улут аралык жаңжалды башынан кечирип жаткан Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаалды, коомдогу чыңалууну, кооптуу окуяларды чагылдыруунун артында чоң жоопкерчилик менен милдет турган. (видео)

- Экс-премьер Сапар Исаков 18 жылга кесилди. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты. (видео)

- Парламент комитети Канттагы база боюнча протоколду жактырды. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Орусиянын Канттагы аскер базасы тууралуу талаштуу протоколду жактырды. Буга чейин Кант аэродромундагы учуп-конуу тилкесине ээлик кылууга байланышкан маселе кызуу талкуу болгон. (видео)

- Нур-Султанда митингге чыккан энелер көчөдө түнөштү. (видео)

- Бүгүнкү Ош: Ынтымак менен сабырдуулук баарын жеңет. (видео)

- Казакстанда президенттик шайлоо өткөнүнө бир жыл болду. Эмне өзгөрдү? (видео)

- Кызылордонун четиндеги суусуз, жарыксыз жана жолсуз конуш. (видео)

- Тажикстанда 15-июндан тартып азык-түлүк сатпаган дүкөндөр менен базарлар ачылат. (видео)

- Кыргызстандагы жеке телеканалдар жабылып калуу коркунучуна кептелиши мүмкүн. (видео)

- Тажикстанда беткап тагынгандар азайды, эл эпидемия бүтөрүнө аз калганына ишенишүүдө. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. ДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG