Ссылки доступа

Түркмөнстанда пневмония менен ооругандар көп болууда


Түркмөнстанда калк арасында пневмония менен ооругандар көбөйүп, Ашхабад шаарындагы инфекциялык ооруканада орун жок болууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу өлкөнүн медициналык жайларындагы өз булактарына таянып билдирди.

«Дарыгерлер ооругандардын көбү коронавирус жуктуруп алган деп эсептеп жатышканын айтышты. Бирок бийлик алардан тест алууга, коронавирус жөнүндө айтууга тыюу салууда», — деп жазды басылма.

Лебап облусундагы өз булактын маалыматына караганда, жергиликтүү ооруканалардын биринин кызматкеринен коронавирус табылган. Булактын айтымында, дарыгер өзү, үй-бүлөсү, коңшулары жана аны менен байланышта болгон кесиптештери карантинге алынды.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус менен ооругандар жок экенин билдирип келет. Ошол эле маалда дарыгерлердин COVID-19 диагнозун коюушуна, элдин коронавирус жөнүндө сүйлөөсүнө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG