Ссылки доступа

Бишкек менен Нур-Султандын соода тиреши (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Бишкек менен Нур-Султандын соода тиреши. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) Казакстан кыргыз-казак чек арасында көрүп жаткан чараларды "тоскоолдук" деп тааныды. Бул тууралуу 10-июнда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады. Ал эми Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги 10-июнда билдирүү таратып, Кыргызстан ортодогу чек арадан товар алып өтүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу “уккусу келбей жатат” деп айыптады. (видео)

- Саякбайдай алпты ойногон актер кетти... Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Марат Жантелиев 9-июнда 59 жашында катуу оорудан каза болду. Жантелиев чыгармачылык жолунда “Бопуш” деген каймана аты менен кеңири белгилүү болуп, театр жана кино тармагында, телекөрсөтүүлөрдө, концерттик программаларда сатиралык жанрдагы бир нече образды жогорку деңгээлде аткара алган. (видео)

- Тажикстанда милиция беткапсыз жүргөн өспүрүмдөрдү кармап кетүүдө. (видео)

- Отунбаева: Июнь окуясы атайын уюштурулган деп эсептейм. 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон июнь окуясы атайын уюштурулган. Мындай пикирин ошол кезде Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары Кыргызстандын башчысы болуп турган экс-президент Роза Отунбаева «Азаттыкка» берген эскерүү маегинде билдирди. Анын айтымында, ошол кезде жаңжал чыгарууга көп күчтөр кызыкдар болгон. Ушул күндөрү Кыргызстанда 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон июнь коогалаңынын он жылдыгы эскерилүүдө. (видео)

- Нур-Султанда «үнсүз» митингдин катышуучулары кармалды. (видео)

- Казакстанда миңдеген адам милдеттүү эмдөөгө каршы болууда. Бир ай мурда өлкө парламентинин төмөнкү палатасы «Элдин саламаттыгы тууралуу кодекс» кабыл алган. Ал күчүнө киргенден кийин эмделбеген балдарды бала бакчалар кабыл албайт, ата-энелерине айып пул салынат. Милдеттүү эмдөөгө каршы петицияга 170 миңден ашык казакстандык кол койду. (видео)

- Бүгүнкү Ош: Ынтымак менен сабырдуулук баарын жеңет. (видео)

- Казакстанда президенттик шайлоо өткөнүнө бир жыл болду. Эмне өзгөрдү? (видео)

- Июнь окуясы: 10 жыл мурун эмне болгон? Мындан 10 жыл мурун Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык жаңжал тутанган. Коогада 400дөн ашуун адамдын каны төгүлүп, миңдеген турак-жай, имараттар өрттөнгөн. 10 жыл мурунку кайгылуу окуяга Жазгүл Эгембердиева сереп салат. (Настоящее время)

- Тажикстанда 15-июндан тартып азык-түлүк сатпаган дүкөндөр менен базарлар ачылат. (видео)

- Кыргызстандагы жеке телеканалдар жабылып калуу коркунучуна кептелиши мүмкүн. (видео)

- Тажикстанда беткап тагынгандар азайды, эл эпидемия бүтөрүнө аз калганына ишенишүүдө. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. ДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG