Ссылки доступа

АКШда жашаган түркмөнстандыктар Бердымухамедовдун режимине каршы нааразылык акциясын өткөрүштү (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- АКШда жашаган түркмөнстандыктар Бердымухамедовдун режимине каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. (видео)

- Тажикстанда милиция беткапсыз жүргөн өспүрүмдөрдү кармап кетүүдө. (видео)

- Июнь окуясы: 10 жыл мурун эмне болгон? Мындан 10 жыл мурун Кыргызстандын түштүгүндө улут аралык жаңжал тутанган. Коогада 400дөн ашуун адамдын каны төгүлүп, миңдеген турак-жай, имараттар өрттөнгөн. 10 жыл мурунку кайгылуу окуяга Жазгүл Эгембердиева сереп салат. (Настоящее время)

- 6-июнда кармалган казакстандык активист полиция кызматкерлери ага кол көтөргөнүн билдирди. 6-июнда өткөн нааразылык акциялары маалында кармалган кызылордолук 48 жаштагы активист Муратбай Баймагамбетов полиция кызматкерлери ага күч колдонушканын билдирди. Анын айтымында, тартип сакчылары аны сабап, денеси көгала болгон (Казакстандан видео)

- Отунбаева: Июнь окуясы атайын уюштурулган деп эсептейм. 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон июнь окуясы атайын уюштурулган. Мындай пикирин ошол кезде Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары Кыргызстандын башчысы болуп турган экс-президент Роза Отунбаева «Азаттыкка» берген эскерүү маегинде билдирди. Анын айтымында, ошол кезде жаңжал чыгарууга көп күчтөр кызыкдар болгон. Ушул күндөрү Кыргызстанда 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон июнь коогалаңынын он жылдыгы эскерилүүдө. (видео)

- Нур-Султанда «үнсүз» митингдин катышуучулары кармалды. (видео)

- Казакстанда миңдеген адам милдеттүү эмдөөгө каршы болууда. Бир ай мурда өлкө парламентинин төмөнкү палатасы «Элдин саламаттыгы тууралуу кодекс» кабыл алган. Ал күчүнө киргенден кийин эмделбеген балдарды бала бакчалар кабыл албайт, ата-энелерине айып пул салынат. Милдеттүү эмдөөгө каршы петицияга 170 миңден ашык казакстандык кол койду. (видео)

- Бүгүнкү Ош: Ынтымак менен сабырдуулук баарын жеңет. (видео)

- Тажикстанда 15-июндан тартып азык-түлүк сатпаган дүкөндөр менен базарлар ачылат. (видео)

- Кыргызстандагы жеке телеканалдар жабылып калуу коркунучуна кептелиши мүмкүн. (видео)

- Тажикстанда беткап тагынгандар азайды, эл эпидемия бүтөрүнө аз калганына ишенишүүдө. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. ДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

XS
SM
MD
LG