Ссылки доступа

Сауд Арабиясынан келген кайрылман казак экенин далилдей албай жатат


Махмуд Абдилкарим Жарылкап

Ооганстан жана Сауд Арабиясынан келген ондогон казак өлкөдө жашап турууга укук берген документ жана кайрылман макамын ала албай жатышат. Казак бийлиги алардан мурда соттолбогону тууралуу аныктама жана улуту жазылган күбөлүк талап кылууда.

Кайрылмандар бул документтерди кайдан алууну билишпейт.

51 жаштагы Махмуд Абдилкарим Жарылкап Сауд Арабиясынан Казакстанга 2018-жылы февралда келген. Анын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн документтери жок.

Махмуддун айтымында, анын чоң атасы кызылордолук болгон. 1930-жылдары Ооганстанга качкан. 1976-жылы алар Түркия аркылуу Сауд Арабиясынан жер которуп, Меккеде жашашкан.

Алар Ооганстан жарандары, Сауд Арабиясында 40 жылдан ашуун туруктуу жашоого укук берген документтин негизинде жүрүшкөн. Махмуддан ата-энеси 1998-жылы Казакстанга кайтып, жарандык алышкан. Алардын көзү өтүп кетти.

Махмуддун айтымында, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ооган паспортторунда улуту көрсөтүлгөн эмес. Документтин тиркемесинде гана алардын эне тили казак экени жазылган.

Алматы облустук калкты иш менен камсыздоо жана социалдык программалар башкармалыгынын миграция бөлүмү алардын ооган паспортунда улуту көрсөтүлбөгөнүн, мындан улам кайрылман макамын берүү кыйынга турарын билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, Казакстан эгемендик алгандан бери тарыхый мекенине чет өлкөлөрдөн миллиондон ашык казак кайтып келген.

Видео

XS
SM
MD
LG