Ссылки доступа

Июнь коогасы чет элдиктердин көзү менен (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Июнь коогасы чет элдиктердин көзү менен. Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарында 470тей адамдын өмүрүн алган июнь окуясына 10 жыл толду. Кыргызстан кандуу коогадан кандай сабак алды? “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” берүүсүндө чет өлкөлүк адистердин пикирине орун беребиз. (видео)

- Беткапсыз балдарды кармоо операциясы өттү. (видео)

- Ысык-Көл: эл пандемиянын кесепетин сезип турат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги быйыл туризм тармагы 80% солгундай турганын билдирди. Аталган статистиканын кесепетин көлдүктөр сезе баштады. Азыр аймакта эч алуучулар жокко эсе. Коронавирус пандемиясы болбогондо чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кар кетери менен келе баштамак. (видео)

- Июнь окуясынын элге берген сабагы. 2010-жылкы июнь коогасына 10 жыл болду. Мына ошол 10 жыл аралыгында өлкөнүн көп улуттуу калкынын жашоосун жакшыртып, биримдигин бекемдөөдө мамлекеттин саясаты кандай жүрдү? Акыркы он жылда Ошто жана Жалал-Абадда эмне өзгөрүүлөр болду? 10 жыл мурунку окуядан кандай сабак алып, эмне жыйынтык чыгардык? "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы июнь коогалаңына арналды. (видео)

- "Июнь окуясында 16 күн бою операция жасадым". (видео)

- Бишкек менен Нур-Султандын соода тиреши. (видео)

- Арыстагы жарылуу. Кайгылуу окуядан бир жыл өткөндөн кийин гана иш сотко жетти. (видео)

- Орусияда мигранттарэлектрондук түрдө каттоого тура алышат. (видео)

- Нью-Йоркто үй-жайсыздар үчүн бекер душ кабинкалар орнотулду. (Директ)

- Казакстанда миңдеген адам милдеттүү эмдөөгө каршы болууда. Бир ай мурда өлкө парламентинин төмөнкү палатасы «Элдин саламаттыгы тууралуу кодекс» кабыл алган. Ал күчүнө киргенден кийин эмделбеген балдарды бала бакчалар кабыл албайт, ата-энелерине айып пул салынат. Милдеттүү эмдөөгө каршы петицияга 170 миңден ашык казакстандык кол койду. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. ДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

XS
SM
MD
LG