Ссылки доступа

Өзбекстан түштүгүндө мугалимдерди буудай талааларын кайтарууга мажбурлашууда


Өзбекстандын Кашкадарыя облусуна караштуу Касан районунда жергиликтүү бийлик фермерлер өздөрү эккен буудайды уурдап кетпесин деп мугалимдерди, банк жана салык кызматкерлерин талааларды кайтарууга мажбурлоодо.

Аймактагы мектептердин биринин директору район акими Убайдулло Очилов мугалимдерди күч менен талаага чыгарып жатканын ырастады:

– Талаада милиция жана Улуттук гвардиянын кызматкерлери жүрөт. Биз болсо кошумча көзөмөлдөөчүлөрбүз. Фермерлерди көргөндө уялып кетебиз. Бардык оор жумушту алар жана алардын жумушчулары жасайт, биз болсо аларды көзөмөлдөп жатабыз. Мындан тышкары байкуш фермерлер бизге окшогон ондогон бекерпоздор үчүн эки маал тамак уюштурушууда. Мындай шумдук иш Мирзиёев премьер-министр кезде да болгон, – деди ал.

Касан районунун акими Убайдулло Очилов бул маалыматты четке какты:

– Мен мугалимдерди карантин киргизилгенден бери көрө элекмин. Фермерлерди көзөмөлдөө боюнча аларга эч кандай тапшырма берген эмесмин.

Өзбекстанда буудай түшүмүн жыйноо милициянын көзөмөлү менен жүрөт. Мындай тажырыйба Шавкат Мирзиёев премьер-министр болгон кезден бери эле бар.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG