Ссылки доступа

БУУ: Тажикстанда 1700дөн ашуун медицина кызматкери COVID-19ду жуктуруп алды


Тажикстанда 1700дөн ашуун медициналык кызматкер коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул илдетке кабылган бейтаптардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Аталган маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 10-июлда жарыялаган баяндамасында айтылат.

БУУ Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берүү менен коронавирус жуктуруп алгандардын 619у дарыгер, 548и медайым экенин билдирди. Вирус жуктуруп алууга негизинен илдет тараган алгачкы күндөрдө жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги себеп болгон.

Тажикстан бийлиги өлкөдө коронавирус жуктурган учур катталганын 30-апрелде мойнуна алган. Көз карандысыз билдирүүлөрдө вирус мартта эле тараганы айтылат.

Баяндаманын авторлору коронавирусту аныктоочу алты лаборатория иштеп жатканын, суткасына 450-500 иликтөө жүргүзүлөрүн белгилеген.

Карантин жана коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн 80 оорукана жана ден соолукту чыңдоо борбору иштеп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда 11-июлга карата 4834 адам вирус жуктуруп алды, 49у кайтыш болду. Бирок көпчүлүк бул статистика чындыкка дал келбейт деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG