Ссылки доступа

АКШда дагы бир афроамерикалыктын өлүмү боюнча иликтөө башталды


АКШнын Вашингтон штатында мартта полиция кармагандан кийин каза болгон дагы бир афроамерикалыктын өлүмү боюнча иликтөө башталды.

Полициячылар 33 жаштагы Мануэль Эллиске каршы муунтуу ыкмасын колдонушкан.

Соттук экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ал күч колдонулгандан кийин дем ала албай көз жумган. Бирок өлүмгө метамфетаминге уулануу же жүрөк оорулары да себеп болушу ыктымал.

Штат жетекчилиги афроамерикалыктын өлүмүн калыс иликтөөнү камсыздоого убада берди.

Жаңы иликтөө башталганы тууралуу маалымат “Кара терилүүлөр да жашоого укуктуу” деген ураандын алдында өтүп жаткан жапырт акциялардын тушунда белгилүү болду.

46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд 25-майда полиция кармагандан кийин өлгөн. Буга байланыштуу АКШнын дээрлик бардык штаттарында нааразылык акциялары башталган. Айрым шаарларда тынч митингдер башаламандыкка айланып, автоунаалар өрттөлүп, дүкөндөр тонолду.

XS
SM
MD
LG