Ссылки доступа

Өзбекстанда суу каптаган үйлөрдү тажрыйбасыз жумушчулар оңдоп жатышат


Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда облустук акимчиликтерге бир айдын ичинде Сардоба суу сактагычындагы кырсыктан зыянга учураган 1813 үйдү оңдоп, ээлерине өткөрүп берүү тапшырмасы берилди.

Бул үчүн ар бир акимчиликке 5 миллиард сумдан, жалпысынан 70 миллиард сум (6,9 миллион доллар) бөлүнгөн. Бирок облустук акимчиликтердин эсеби боюнча зыянга учураган турак-жайларды толук калыбына келтирүү үчүн 300 миллиард сум (29,5 миллион доллар) талап кылынат. Мындан улам каражат жетишсиз болуп, оңдоо иштерине тажрыйбасы жок, арзан жумушчулар тартылууда.

«Курулушта 12 күн иштеп, 1 миллион гана сум (100 долларга жакын) алдым. Бул өтө аз. Бирок карантинде акча жок калгандыктан, жергиликтүү тургундардын көбү аз акчага иштөөгө макул болуп жатышат», — деди жумушчулардын бири.

Өз булактардын маалыматына караганда, үйлөрдү оңдоого өлкөнүн бардык аймактарынан бюджетте иштеген кызматкерлер да тартылган.

Ташкеттеги бюджеттик мекемелердин биринин кызматкери Сырдарыядагы оңдоо иштерине мажбурлап жөнөтүшкөнүн билдирди. Анын айтымында, жумушчулардын көбү негизги ишинен кол жууп калуудан коркуп келишкен.

Буга чейин Өзбекстандын каржы министринин орун басары Ёркин Турсунов суу каптоодон зыянга учураган үйлөрдү оңдоого 70 миллиард сум (6,8 миллион доллар) бөлүнгөнүн билдирген.

1-майда Сардоба суу сактагычындагы кырсыктан улам Сырдарыя облусун суу каптап, 4435 турак-үй зыянга учураган. Алардын ичинен 2390 үй жараксыз абалга кептелип, калганы толук оңдоого муктаж.

Видео

XS
SM
MD
LG