Ссылки доступа

Бишкек: Коронавирус жаңы конуштардын жарымынан көбүндө катталды


Бишкек шаарынын тегерегиндеги жаңы конуштардын 25инде коронавирус жуккандар аныкталды. Бул тууралуу 12-июнда борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, оору жуккан 162 адам жаңы конуштарда жашагандар.

Жалпысынан, бүгүнкү күндө Бишкекте вирус жугузуп алгандардын жалпы саны 610 адам - бул башка аймактарга салыштырганда эң жогорку көрсөткүч, алардын 367си айыгып чыкты, бешөө каза тапты.

Шаардын борбордук бөлүгүндө инфекция жуккандардын эң көбү 12-кичи район менен “Жал” кичи районунда. Алардын ар биринде 15тен бейтап катталган.

Кузнецова белгилегендей, оорусу аныкталгандардын 63ү медицина кызматкерлерине өзүлөрү кайрылган, алар ооруну базар, соода борбору, коомдук транспорт жана кичи автобустардан жуктуруп алган болушу ыктымалдыгын айтышкан.

Жалпысынан 18-марттан 12-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти.

Бишкектин тегерегинде 47 конуш бар.

XS
SM
MD
LG