Ссылки доступа

Латын Америка COVID-19дун очогу бойдон калууда


Латын Америкада 1,5 миллиондон ашуун киши COVID-19 вирусун жуктуруп алды, Бразилияда дээрлик 41 миң адам көз жумду. Бул өлкө коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча Улуу Британиядан ашты.

Бразилия Латын Америкада пандемиянын очогу болуп калды. Өлкөдө акыркы суткада эле коронавирустан 1200 киши мерт болду.

11-июнда 30 миң адам вирус жуктуруп алган, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 803 миң кишини түзөт.

COVID-19 вирусун жуктурган учурлар көбөйүп, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия али өтө элек экенин билдиргенине карабай, көптөгөн өлкөлөр чектөөлөрдү алып, карантин чараларын жумшартууда.

XS
SM
MD
LG