Ссылки доступа

Улуттук гвардияда кызмат кылгандар арасынан коронавирус табылды



Улуттук гвардиянын ардак кароолу. Бишкек. Архивдик сүрөт.
Улуттук гвардиянын ардак кароолу. Бишкек. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук гвардиясынды кызмат кылгандар арасынан коронавирус табылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 12-июнда Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева билдирди, бирок так санын айткан жок.

Анын айтымында, ооруп калгандар менен чогуу кызмат кылгандардын баары обсервацияга алынды.

Жарашева белгилегендей, түзүлгөн абалга байланыштуу Москвадагы парадга мурда пландалган аскердик бөлүк эмес, башкасы бармай болуп жатат:

“Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын камсыздоо бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин арасынан коронавирус жуккан бир нече адам катталды. Улуттук гвардиянын ардак кароол ротасы Москвада 24-июнда өтө турган Жеңиш парадына катышмак. Оору алардан табылган жок. Бирок, ошентсе да, илдеттин жайылышын алдын алуу максатында биз парадга резервдеги бөлүм барат деп чечтик”.

Басма сөз катчысынын айтымында, жалпысынан Москвага 75 жоокер барат деп пландалып жаткан, ошончо эле санда жөнөтүлөт.

Жалпысынан 18-марттан 12-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти.

XS
SM
MD
LG