Ссылки доступа

Түркмөнстан 2019-жылы Орусияга 300 миллион долларга газ сатты


Орусия 2019-жылы 300 миллион долларга түркмөн газын импорттоду. Бул тууралуу “Рейтерс” агенттиги Орусиянын Ашхабаддагы элчиси Александр Блохинге шилтеме берүү менен билдирди.

2019-жылы июлда Түркмөнстан газ жеткирүү боюнча Орусия менен беш жылга келишим түзгөн. Келишимдин алкагында Орусия жыл сайын 5,5 миллиард куб метр түркмөн газын алып турат. Бирок газlын баасы ушуга чейин айтылган эмес.

Ошол эле маалда орусиялык дипломат былтыр жалпысынан канча көлөмдө түркмөн газы импорттолгонун так айткан жок.

Түркмөнстан газын негизинен Кытай сатып алат. Бирок коронавирус пандемиясынан улам марттын башында Бээжин форс мажор жарыялап, көгүлтүр отунду сатып алууну азайткан.

XS
SM
MD
LG