Ссылки доступа

Казакстандын саламаттык сактоо министри коронавирус жуктуруп алды


Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановго коронавирус жугуп, ооруканага жатты. Бул тууралуу ал өзү 14-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Достор, тилекке каршы коронавируска тапшырган акыркы тестим оң натыйжа көрсөттү. Ошондуктан инфекциялык ооруканага жаттым», — деди ал.

Министр бардык санитардык талаптарды сактаганына карабай илдетти жуктуруп алганын айтып, элди карантин эрежелерин сактоого жана беткап тагынып, коомдук жайларда социалдык аралыкка көңүл бурууга чакырды.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта 14 496 кишиден COVID-19 вирусу табылды. Министрлик 3-июндан тартып вирус жуккан, бирок оорунун белгилери байкалбаган адамдарды өзүнчө эсепке ала баштаган. Алар 4402 адамга жетти.

Казакстанда бул илдеттен 73 киши каза болду. Коронавирус табылып көз жумган дагы ондогон адам бул статистикага кошулбай калган. Министрлик муну алар дагы башка оорусу бар үчүн каза болгону менен түшүндүрүүдө.

XS
SM
MD
LG