Ссылки доступа

Тажикстанда өзүнө өрт койгон аял каза болду


Тажикстандын Куляб шаарында үй-бүлөлүк чырдан кийин өзүнө өрт койгон 34 жаштагы Олиямо Очилова ооруканада көз жумду. Бул тууралуу 13-июнда анын туугандары билдиришти.

Төрт баланын апасы Очилова 10-июнда үй-бүлөлүк чырдан кийин короосундагы мончого бекинип алып, өзүнө өрт койгон. Анын денесинин 96% күйүп, оор абалды ооруканага жеткирилген.

Азырынча аялдын эмне себептен өз өмүрүнө кол салганы белгисиз. Коңшуларынын айтымында, маркум мындай кадамга күйөөсү менен урушуп кеткенден кийин барган.

Прокуратура бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда жыл сайын 400гө жакын адам өз өмүрүнө кол салат. Алардын көбү аялдар менен кыздар.

XS
SM
MD
LG