Ссылки доступа

АКШда дагы бир афроамерикалыктын өлүмүнөн кийин жаңы толкундоолор башталды


АКШнын Атланта шаарында полициянын огунан афроамерикалык Рейшард Брукс каза болгондон кийин ишемби күнү жана жекшембиге оогон түнү массалык башаламандыктар болду.

Окуяга байланыштуу шаардык полиция бөлүмүнүн башчысы Эрика Шилдс кызматтан кетти. Брукска ок аткан тартип сакчысы иштен алынып, ага карата тергөө башталды.

12-июнь күнү кечинде шаардагы Wendy’s ресторанынын алдында эки полициячы менен афроамерикалык адамдын кармашып атканы видеокамераларга түшүп калган. Полициячылар кишен салууга аракет жасап жатканын, берки киши моюн бербей качканда электрошокер колдонулганын жана ок атылганын да көрүүгө болот. Кийинчерээк ал 27 жаштагы Рэйшард Брукс экени, алган жараатынан ооруканада көз жумганы белгилүү болгон.

Бул окуя Атлантадагы каршылык толкунун кайра күчөттү. Жаалданган топ Wendy’s ресторанын өрттөп, полиция менен кагылышты. Калаа бийлиги жекшембиге карата 36 киши кармалганын билдирди.

Майдын аягында Миннеаполис шаарында полициянын колуна түшкөн афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган расизмге каршы жүрүштөр Кошмо Штаттардын көпчүлүк аймагына жайылып, башаламандыктар менен коштолууда.

XS
SM
MD
LG