Ссылки доступа

Сузак: күйөөсүнөн кордук көргөн аял тосмо арыз жазды


Аялын сабап жаткан кишинин окуясы тартылган видеодон алынган сүрөт.
Аялын сабап жаткан кишинин окуясы тартылган видеодон алынган сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсүнөн зомбулук көргөн аял аны кечиргенин айтып, тосмо арыз жазып берди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы “Азаттыкка” билдирди.

Мекеме тосмо арызга карабай тергөө иштери уланып жатканын кабарлады.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн.

Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

13-июнда зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы киши 15 күнгө камалган.

Бул боюнча маселе 14-июнда өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйында талкууланды. 15-июнда парламент имаратынын алдында аялдарын укугун коргоо акциясы өттү.

XS
SM
MD
LG