Ссылки доступа

Экспертиза: афроамерикалык Брукс эки жолу далысына ок жеген


АКШда судмедэкспертиза афроамерикалык Рейшард Брукс эки жолу далысына ок жеп, кан кетип, органдары жабыркагандан улам өлгөнүн аныктады. Бюронун билдирүүсүндө бул киши өлтүрүү болгону белгиленген.

12-июнь күнү кечинде Атланта шаарындагы Wendy’s ресторанынын алдында эки полициячы менен афроамерикалык адамдын кармашып атканы видеокамераларга түшүп калган. Полициячылар кишен салууга аракет жасап жатканын, берки киши моюн бербей качканда электрошокер колдонулганын жана ок атылганын да көрүүгө болот. Кийинчерээк ал 27 жаштагы Рэйшард Брукс экени, алган жараатынан ооруканада көз жумганы белгилүү болгон.

Бул окуя Атлантадагы каршылык толкунун кайра күчөттү. Жаалданган топ Wendy’s ресторанын өрттөп, кан жолду бөгөштү.

Брукска ок аткан полициячы жекшембиде иштен кетти. Андан мурун Атланта полициясынын башчысы Эрика Шилдс да кызматын тапшырган.

Расизмге каршы акциялар Британия, Франция баш болгон дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө да өтүүдө.

XS
SM
MD
LG