Ссылки доступа

Премьер-министр Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жарыяланды. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген.

“Иликтөө иши соңуна чыга элек. Бүгүн өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан татаал шартта өкмөт туруктуу иш алып барып, жарандардын толук ишенимине ээ болуусу зарыл. Ал эми белгисиздик абалы өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирет. Ушул өңүттөн алып караганда мен премьер-министрдин ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым”, - деди Абылгазиев.

Абылгазиев радио жыштык боюнча кылмыш ишинде эч кандай күнөөсү жок экенин белгилеген.

“Буга чейин да айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок. Менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз. Эки жумалык эмгек өргүүмдүн учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылышкан жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коёт жана чыныгы мыйзам бузуучуларды аныктайт деп ишенем”, - деп Абылгазиевдин арызында жазылат.

Абылгазиев буга чейин колдоо көрсөткөн президентке, парламентке ыраазычылык билдирди.

27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радио жыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Ал «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин, укук коргоо органдары тез арада буга анын катышы барбы же жокпу, иликтеши керек» деген талап койгон.

Кийинчерээк өкмөттүк аппарат депутаттын суроосуна жооп берип, «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш тармагындагы мыйзам бузууга катышы болушу мүмкүн экендиги тууралуу депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп билдирген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Айтел» ишканасынын лицензиясынын мыйзамсыз узартылышына байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы 24-майда белгилүү болгон. Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуу коррупциялык иштер боюнча Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) биргелешип тергөө ишин жүргүзүүдө.

Кылмышка шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова 12-майда камакка алынган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган. Кийинчерээк УКМКнын жетекчисинин орун басары баштаган бир нече кызматкери бул кылмышка шектүү катары камалган. 15-июнда “Ала-ТВ” ишканасынын негиздөөчүсү Артур Халдаров радио жыштык чатагына байланыштуу кармалып, камакка алынды.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30-өкмөт 2018-жылы 20-апрелде ишин баштаган.

XS
SM
MD
LG