Ссылки доступа

Түндүк Кипрдеги түркмөнстандыктар Бердымухамедовдун отставкасын талап кылышууда (видео)


Түндүк Кипрде Түркмөнстандагы тоталитаризмге каршы үчүнчү жолу акция өттү. Катышуучулар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун отставкасын талап кылып, эмгек мигранттарынын укугун жана сөз эркиндигин сактоого чакырышты.

14-июнда болгон нааразылык акциясында мигранттар “Биз Түркмөнстанда жарандык согуштун болушун каалабайбыз”, “Президент отставкага кетсин” деген плакаттарды көтөрүп турушту.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы митингге 50дөн ашык киши катышканын, алардын арасында жергиликтүү тургундар да болгонун жазды. Чогулгандар телефондук сүйлөшүү жана интернет байланышына киргизилген чектөөлөрдү алууну, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарына түркмөн элчиликтери аркылуу паспорттун мөөнөтүн узартууга уруксат берүүнү, Кипрде иштеп жүргөн жарандардын Түркмөнстанга тоскоолдуксуз кирип-чыгышына мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышты.

Мындан тышкары коррупцияга каршы күрөшүүнү, апрелдин аягындагы бороондун кесепетин тартып жаткан Лебап жана Мары облустарынын жашоочуларына жардам берүүнү да сурашты. Түндүк Кипрде ушундай эле өңүттөгү нааразылык 11 жана 21-майда да болгон.

Буга окшогон акцияларды Түркия жана АКШда жашаган түркмөнстандыктар да өткөргөн.

XS
SM
MD
LG