Өткөн аптада "Азаттыктын" түркмөн кызматы Лебап облусунун саламаттык сактоо башкармалыгындагы булагына таянуу менен көп профилдүү ооруканада иштеген анестезиолог медайымдан вирус аныкталганын билдирген. Мындан соң ал үй-бүлөсү менен бирге карантинге алынган. Клиника кызматкерлери ыраттуу түрдө тест тапшырууда, бирок азырынча жыйынтыктары айтыла элек.
Ал ортодо Ашхабаддагы инфекциялык оорукана карантинге жабылып, медицина кызматкерлери клиниканын ичинде кармалууда. Аларга телефон колдонууга да уруксат берилген жок.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы өлкө бийлиги жакында коронавирус жуктурган учур катталганын мойнуна алышы мүмкүн экенин жазды.