Ссылки доступа

Павлодар облусунун башчысынын орун басары коронавирус менен ооруканага жаткырылды


Казакстандын Павлодар облусунун башчысынын орун басары Асхат Оралов коронавирус жуктуруп, ооруканага жаткырылды. Администрациянын маалымат кызматы кабарлагандай, ал дене табы көтөрүлгөнүнө байланыштуу тест тапшырып, анализинен вирус аныкталган.

Маалыматка караганда, аткаминер менен байланышта болгон кишилер аныкталып, эпидемиологиялык иликтөө башталды. Аймак башчысы Абылкаир Скаков видеоконференция аркылуу иштеп жатат. Жарандарды кабыл алуу жана жолугушуулар токтотулду.

Павлодар облусу коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча Нур-Султандан кийинки эле экинчи орунда турат. Расмий маалыматтар боюнча бул аймакта COVID-19дан 13 киши өлдү. Облуста 442 адам вирус жуктуруп алган, алардын ичинен 59унда оорунун белгилери байкалган эмес.

Буга чейин Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус аныкталган. Ай башында президенттин маалымат катчысы Берик Курмангали да илдетке кабылганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG