Уюштуруучулар мындай чечимин эпидемиядан улам айрым тасмаларды тартуу иши токтоп калганын, алар жыл соңуна чейин экранга чыкпай калышы мүмкүндүгү менен түшүндүрүштү. Буга байланыштуу тасмаларды көрсөтүү жана билдирме берүү мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрынан 2021-жылдын февралынын аягына жылдырылды.
Номинациялар эмдиги жылы 15-мартта жарыяланат. Азырынча сыйлыкты тапшыруу аземин онлайн же офлайн өткөрүү боюнча чечим кабыл алына элек.
Буга чейин «Оскар» негизделгенден бери сыйлыкты тапшыруу аземи үч жолу жылдырылган. Алгачкы жолу 1938-жылы Лос-Анжелести суу каптаганда, экинчи жолу 1968-жылы укук коргоочу Мартин Лютер Кингдин өлүмүнө, үчүнчү жолу президент Рональд Рейганга кол салууга байланыштуу башка күнгө жылдырылган.