Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада COVID-19дан жети киши каза болду


Казакстандын бийлиги 16-июнда өлкө боюнча COVID-19дан жети киши каза болгонун билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Түркстан жана Караганда облустарында экиден эркек, Батыш Казакстан облусунда бир аял, бир эркек жана Алматы шаарында бир эркек көз жумду.

Ал ортодо май айынан бери Алматы, Нур-Султан жана Шымкент шаарларынын атайын көрүстөндөрүндөгү мүрзөлөрдүн санында айырмачылыктар болууда. Алсак, акыркы эки жарым жуманын ичинде Алматынын четинде жайгашкан атайын көрүстөндөгү мүрзөлөрдүн саны 38ден 64кө чейин көбөйгөн. Ошол эле маалда расмий маалыматтар боюнча шаарда 13 бейтап каза болсо, Алматы облусунда бир дагы киши өлгөн эмес.

Жалпы өлкө боюнча коронавирустан 88 киши каза болду. Көз жумган адамдардын саны боюнча баш калаа Нур-Султан алдыда — расмий маалыматтар боюнча бул шаарда 15, Алматы менен Павлодар облустарында 13төн, Шымкентте 11 өлүм катталды.

Июндар бери жалпы статистикага кошулбай жаткан «оорунун белгиси жок» бейтаптарды эске алганда, өлкө боюнча бул илдетке чалдыккандардын саны 20 миң кишиден ашты.

XS
SM
MD
LG