Маалыматка караганда, 13-июнда кечке жуук шаардын 44 жаштагы тургуну 36 жаштагы аялы менен урушуп кетип, аны балта менен мойнуна жана башына бир нече жолу чапкан. Андан кийин 10, 8 жана 1 жашка толо элек кыздарына кол салган. Алардын эң кичүүсү ошол жерде жан берип, эки кызы коңшуларыныкына качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Андан соң үй ээси өзүнө өрт коюп, ошол жерде каза болгон.
Бул факты боюнча Наманган облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.