Ссылки доступа

Казакстанда мажлис төрагасынан коронавирус табылды


Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын (Мажлис) төрагасы Нурлан Нигматулиндин тестинен коронавирус аныкталгандан кийин «обочолонуу режимине» өттү.

Мажлистин басма сөз кызматы төрага 11-июнда саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов менен жолукканын билдирди. Буга чейин министрдин вирус жуктуруп алганы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, төрага коронавирус жуктуруп алганы менен оорунун белгилери байкалган жок.

14-июнда Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус табылып, ооруканага жаткырылган. Эртеси бир нече аткаминер — премьер-министр Аскар Мамин, билим берүү министри Асхат Аймагамбетов, коргоо министри Нурлан Ермекбаев, айыл чарба министри Сапархан Омаров жана Жамбыл облусунун башчысы Бердибек Сапарбаев обочолонуу режимине өткөнү кабарланган.

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 15 542 кишиге жетип, 88 бейтап каза болду. Бул статистикага анализинен вирус табылып, бирок оорунун белгилери жок 6 175 киши кошулган эмес.

XS
SM
MD
LG