Ссылки доступа

Өзбекстан: милиционер беткапсыз жүргөн жаранга күч колдонду (видео)


Социалдык түйүндөргө Өзбекстандын Нукус шаарында милиция кызматкери беткап тагынбай жүргөн жаранды жерге жаткырып, тизеси менен муунтуп жатканы тартылган видео жарыяланды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, видео 14-июнда, карантиндик чаралардын сакталышы боюнча автобекеттин айланасында жүргүзүлгөн рейд маалында тартылган.

Видеону «Телеграмдагы» «Каракалпакстан жаштары» каналына жарыялаган Санжан аттуу тургун укук коргоо органдары өспүрүмгө карата ашыкча күч колдонгонун билдирди.

– Жарандар бардык коомдук жайларда беткап тагынуу режимин сакташы керек. Бирок милиция кызматкерлери беткап тагынбай жүргөндүгү үчүн эле колун кайрып, жерге жаткырып, тизеси менен муунтпашы керек. Нукуста укук коргоо кызматкерлери «Газель» автоунаасына жашынып алып, ысыкта беткабын төмөн түшүрүп койгон кишилерди кармап жатышат. Алар мындай жол менен беткап тагынбагандарга айып пул салуу боюнча планды аткарууга аракет кылып жатышканы айтылууда», — деди ал.

Марттын аягында Ташкент шаарында, Каракалпакстан облусунда жана облустук борборлордо жарандардын көчөгө беткапсыз чыгуусуна тыюу салынган. Бул эрежени бузгандарга 223 миң сум (20 доллар) өлчөмүндө айып салуу каралган.

Бул окуя боюнча комментарий берген Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү беткап тагынуу режимин бузган жаран милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, каршылык көрсөткөнүн билдирди.

«Мунун баарын күбөлөр видеого тартып алышкан. Беткап тагынбай жүргөн жаранга карата административдик мыйзам бузуу тууралуу протокол түзүлдү. Ушу тапта аны тизеси менен муунткан кызматкердин аракетинин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн кызматтык териштирүү жүрүүдө», — деди ИИМ өкүлү.

XS
SM
MD
LG