Ссылки доступа

Трамп уйгурларга кысым көрсөткөнү үчүн Кытайга санкция салуу жөнүндөгү мыйзамга кол койду


АКШ президенти Дональд Трамп шаршембиде Конгресс кабыл алган, Кытайдын Шинжаң уйгур автономиялуу аймагында мусулмандардын куугунтукталганы үчүн жогорку кызматтагы аткаминерлерге санкция салууга жол ачкан мыйзам долбооруна кол койду.

Трамптын билдирүүсүндө Кытай бийлиги адам укуктарын бузуп – уйгурларды атайын лагерлерге жайгаштырып, алардын улуттук жана диний ынанымдарын өзгөртүүгө мажбурлаганы айтылат.

Мыйзамга ылайык, америкалык атайын кызматтар жана мамдепартамент Конгресске Кытайдагы уйгурлардын абалы тууралуу ырааттуу маалымат берип турушу керек. Президент 120 күндүн ичинде санкция салына турган кытай чиновниктеринин аты-жөнүн жарыялат. Документте Кытай Компартиясынын Шинжаңдагы лидери Чень Квангуонун ысымы түздөн-түз аталган.

Былтыр иштелип чыккан мыйзам долбоорун кабыл алуу коронавирус пандемиясына байланыштуу АКШ менен Кытайдын мамилеси курчуп кеткен маалга туш келди.

Видео

XS
SM
MD
LG