Ссылки доступа

«Достук» чек ара бекетинде ондогон өзбекстандык жаран өтө албай турат (видео)


Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрүү бекетинде Өзбекстандын 50дөн ашык жараны өтө албай турат. "Оздолик" кабарлагандай, алардын көбү өзбек жарандарына күйөөгө чыккан кыргызстандык келиндер.

Чек арада топтолуп турган жарандар тамак-ашка акчасы жок калганын, акыркы 3-4 күндөн бери ачык-асман алдында түнөөгө аргасыз болуп жатышканын билдиришүүдө.

«Достук» чек ара бекетинин башчысы Субутай Исманалиев кыргыз тарап адамдардын чек арада топтолуп калышына тиешеси жок экенин билдирди.

– Өзбекстан өз жарандарын аз-аздан кабыл алууда. Алгач аларды карантинге жайгаштыруу үчүн орундарды даярдап, андан кийин гана кабыл алып жатат. Алардын мекенине кайтып баруусуна Кыргызстан тараптан эч кандай тоскоолдук жок», — деди Исманалиев.

Ал акыркы жолу чек ара бекетине топтолгон жарандар бир жума мурда өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Өзбекстандын бийлигин коронавирус пандемиясына байланыштуу бардык өлкөлөр менен чек арасын март айында жапкан.

XS
SM
MD
LG