Ссылки доступа

Казакстанда атайын кызматтын экс-төрагасы мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы төрагасы Нартай Дутбаев 18-июнда шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун казак кызматы өз булактарына таянып билдирди.

Дутбаев жаза мөөнөтүн Чыгыш Казакстан облусунун Шуак кыштагындагы абакта өтөп жаткан. 18-июнда аны эркиндикке чыгаруу тууралуу соттун чечими күчүнө кирген.

Нартай Дутбаев УККнын төрагасы кызматына 2001-жылдын декабрында дайындалган. 2006-жылы февралда оппозиция лидери Алтынбек Сарсенбаевдин өлүмүнө мекеменин «Арыстан» атайын бөлүгүнүн кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги аныкталгандан кийин кызматтан кеткен.

Дутбаев 2016-жылы декабрда «мамлекеттик сырды ачыкка чыгарууга» шек саналып камакка алынган. 2017-жылы Акмоло гарнизонунун Аскердик соту аны «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «Мамлекеттик сырды жарыялоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. 2018-жылы январда ошол эле соттун чечимин менен мамлекеттик каражатты кымырып алуу жана арам акчаны адалдоо иши боюнча 12 жылга абакка кесилген.

2019-жылы январда Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча кассациялык коллегиясы Дутбаевдин жаза мөөнөтүн 12 жылдан 11 жылга кыскарткан.

XS
SM
MD
LG