Ссылки доступа

Тажикстанда курорттор эс алуучуларды кабыл ала башташты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда 15-июндан тартып бардык курорттор менен санаторийлер эки айлык тыныгуудан кийин эс алуучуларды кабыл ала башташты.

Эс алуу жайлары 30-апрелде өлкөдө коронавирус бар экени расмий жарыялангандан кийин жабылган. Алардын айрымдарына чет өлкөдөн келген жарандар эки жумалык карантинге жаткырылган.

Эрежеге ылайык, курорттор менен санаторийлер күн сайын дезинфекциялык каражаттар менен тазаланып, адамдар ортосунда социалдык аралык сакталышы керек. Меймандарга жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу зарылдыгы эскертилиши шарт.

Тажикстанда туризмди өнүктүрүү боюнча комитеттин өкүлү Абдукарим Курбоновдун айтымында, ушу тапта өлкөдөгү 280 туристтик объект меймандарды кабыл алууга даяр.

2019-жылы Тажикстанга чет өлкөлөрдөн бир миллиондон ашуун киши турист катары келген. Өлкө ичиндеги туристтердин саны 400 миңден ашкан.

Тажикстанда 60тан ашык балдар лагерлери менен ден соолукту чыңдоо мекемелери бар. Алардын көбү Варзоб районунда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG