Ссылки доступа

Кыргызстанда айрым аткаминерлер коронавирус жуктуруп алды


Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус илдети 18-июнда аныкталган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова “Азаттык” радиосуна кабарлады:

“Тилекке каршы, 18-июнда лабораториялык анализдин жыйынтыгы акимде вирус бар экенин көрсөттү. Учурда изоляцияда. Абалы жакшы”.

Бүгүн эртең менен Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алганы ырасталган. Бир күн мурун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу вирус жуктуруп алганын билдирген.

Акыркы суткада коронавирус 132 адамдан аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки Кыргызстанда бир суткада оору аныкталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте:

Бишкек шаарында – 48

Ош шаарында - 13

Ош облусунда - 12

Талас облусунда - 4

Жалал-Абад облусунда - 11

Чүй облусунда – 38

Нарын облусунда - 6

Ушуну менен Кыргызстанда 19-июнга карата жалпы коронавирус жуктургандардын саны 2789 адамды түздү.

Акыркы суткада Бишкекте вирус жуктуруп алган 67 жаштагы эркек киши каза тапты. Башкалаада муну менен илдеттен көз жумгандардын саны 32ге жетти.

Бир сутка ичинде ооруканадан 28 бейтап сакайып чыкты. Анын ичинен: Бишкек шаарынла –7, Чүй облусунда – 8, Ош шаарында – 5, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда - 4 бейтап айыгып, 19-июнда үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны 1961 адам.

Ушул тапта стационарда 543 бейтап жатат. 38 адамдын абалы оор экени кабарланууда. Алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Видео

XS
SM
MD
LG