Ссылки доступа

Казакстанда Кытайдан качып келген шинжаңдык казактар эркиндикке чыкты


Кытайдан качып келген шинжаңдык казактар Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулы 22-июнда Батыш Казакстан облусунун Семей шаарындагы абактан чыгышты. Бул тууралуу алардын адвокаты Ляззат Ахатова билдирди.

Мусаханулы менен Алимулы быйыл январда «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылга эрктеринен ажыратылган. Алардын буга чейинки тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелингендиктен, жаза мөөнөтү аяктады.

Адвокаттын айтымында, Мусаханулы менен Алимулына качкын макамын алууга негиз берген документтеринин мөөнөтү кийинки айда аяктайт.

«Качкын макамын берүү маселеси Акмоло облустук миграция кызматында каралат. Аларга берилген убактылуу күбөлүктөрдүн мөөнөтү июлдун аягында бүтөт. Ага чейин бул маселе чечилиши керек», — деди Ахатова.

30 жаштагы Кастер Мусакан менен 25 жаштагы Мурагер Алимулы Шинжаңдан чыгып, 2019-жылы 1-октябрда кытай-казак чек арасынан өткөнүн айтышкан. Алматыда өткөн басма сөз жыйынында Кастер «саясий тарбиялоочу лагерде камакта отуруп чыкканын», ал эми Мурагер ошол эле лагерде «кыйноого кабылганын» айткан. Алар Казакстандан башкалка сурап, Кытайдагы үй-бүлөсүн куугунтуктан коргоону өтүнүшкөн. 20-октябрда Чыгыш Казакстан облусундагы Зайсан райондук соту экөөнү тең камакка алуу чечимин чыгарган.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлдөрү лагерлерде негизсиз кармалып тургандыгы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы лагерлерде бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Расмий Бээжин шинжаңдыктардын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мындай лагерлерди «кесипке үйрөтүүчү борборлор» катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG