Ссылки доступа

Өзбекстанда облус башчылары кабыл алган чечимдердин 42% мыйзамсыз деп табылды


Өткөн жылы Өзбекстан сотторунда облус жетекчилеринин чечимдерине байланышкан 3 миңге жакын иш каралып, алардын 42% мыйзамсыз деп табылган. Бул тууралуу Сенаттын спикери Танзила Нарбаева парламент жыйынында билдирди.

«Акимдердин чечими боюнча соттор караган 3 миң иштин дээрлик жарымы, 1255и мыйзамсыз деп табылган. Акимчиликтин түрдүү түзүмдөрүндөгү жооптуу адамдар мыйзамсыз чечимдерди түзүп, акимдердин кол коюусуна алып киришкен. Жыйынтыгында эл жабыркап, көптөгөн акча, нерв жана убакыт корогон», — деди Нарбаева.

Сенаттын спикери аткаминерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатып, жетекчилердин арасында укуктук пропаганда жүргүзүүнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG