Ссылки доступа

Тажикстан Ооганстандан айыл чарба техникаларын сатып алды


Ооганстандын Желал-Абад шаарынан Тажикстанга буудайды кайра иштете турган 12 техника жеткирилди. Машиналар Нангархар провинциясындагы «Жавид» компаниясынан чыккан.

Бул тууралуу Ооганстандын Тажикстандагы элчилиги билдирди.

Буудай тазалай турган бир техниканын баасы 2600 доллар турат.

40 жылдан бери согуш жүрүп жаткан өлкөнүн техника экспорттоп жатканы тууралуу маалымат соцтармак колдонуучулары үчүн күтүүсүз болду. Көпчүлүк бул маалыматты олуттуу кабыл алган жок. Маалыматты тастыктоо үчүн компания өз сайтына техникаларды Тажикстанга жөнөтүү учурунда тартылган бир нече сүрөттү чыгарды.

XS
SM
MD
LG