Ссылки доступа

Укук коргоочуларга укурук салган УКМК (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Укук коргоочуларга укурук салган УКМК. 28-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги «Шаардагы парктар» ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиеванын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, суракка алып кеткен. 29-май күнү укук коргоочу Камил Рузиевди кармаган. Учурда үй камагында отурган Рузиев атайын кызматтын бул кадамын "өч алуу" катары баалап жатат. (видео)

- Нуракун уулу: Коронавирус опурталдуу оору экен. Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулунун коронавируска чалдыкканы 18-июнда анык болгон. Учурда Токмок шаарында стационарда дарыланып жатат. Ал "Азаттык" радиосуна маек куруп, коомчулукту коронавируска көңүлкош мамиле кылбоого чакырды. (видео)

- Москва Душанбедеги жарандарын алып кете баштады. (видео)

- Кыргызстанда коронавирус жуктургандар көбөйүүдө. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында Бишкектин мэри, Жогорку Кеңештин депутаттары, БШКнын жана парламенттин бир нече кызматкери бар. (видео)

- Алматылык активист Альнур Ильяшева «жалган маалымат таратуу» айыбы менен үч жылга кесилди. (видео)

- Бухаралык ишкерлер имараттардын мыйзамсыз түрттүрүлүшүнө каршы болушууда. (Өзбекстандан видео)

- Түркмөнстанда эл нан үчүн кезекке туруп жаткан маалда, президенти фермерлерден ыраазычылык кабыл алууда. (Настоящее время)

- Сарбанд айылын чымын-чиркей каптады. (Өзбекстандан видео)

- «Тесттер жок!» COVIDге тест тапшыруу жайлары жабылды. (Казакстандан видео)

- 94 жаштагы Алтын апа Мессинин күйөрманы. (видео)

- Бишкекте беш күн катары менен үй-бүлөлүк зомбулукка каршы пикеттер өттү. (видео Директ)

- Минскте «Азаттыктын» беларус кызматынын журналисттери кармалды. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. ДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG