Ссылки доступа

Казакстанда «Нур Отан» партиясын сындаган активист үч жылга соттолду


Альнур Ильяшев, 24-декабрь 2018-жыл

22-июнда Алматы соту жарандык активист Альнур Ильяшевди «өзгөчө абал шартында жалган маалымат таратууга» күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратты.

Ильяшевге соцтармактарга башкаруучу «Нур Отан» партиясын сындаган билдирүүлөрдү жазгандан кийин айып тагылган.

Адвокат Нурлан Рахмановдун айтымында, сот активистке коомдук ишмердүүлүк менен алектенүүгө, партия түзүүгө жана беш жыл партияга мүчө болууга тыюу салуу тууралуу прокурордун өтүнүчүн канааттандырды. Мындан тышкары активист «Жабырлануучуларга кенемте төлөө фондуна» 55,5 миң теңге (болжол менен 137 доллар) төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Адвокат соттун чечими менен макул эмес экенин, апелляциялык арыз жазарын кошумчалады.

43 жаштагы Ильяшев быйыл апрелде камакка алынган. Анын иши боюнча сот отурумдары онлайн-режимде өтүп, активист сотко түрмөдө отуруп катышып келген.

Эл аралык уюмдар активист кармалгандан кийин Казакстандын бийлигине кайрылып, ага тагылган айыптарды алып, эркиндикке чыгарууга үндөшкөн.

Айыптоо актысында Алматынын Жетысу райондук сотунун былтыркы чечимине шилтеме кылынган. Ага ылайык, Ильяшев менен анын эки пикирлеши «Нур Отан» партиясынын алты мүчөсүнө 14 миң доллардан ашык өлчөмүндө айып пул төлөп берип, «Фейсбук» социалдык түйүнүнө жарыялаган билдирүүлөрүн төгүндөшү керек болчу. Активисттер өз баракчаларына «Нур Отан» алардын партия түзүүсүнө тоскоолдук кылып жатканын жазышкан. Партия мүчөлөрү бул билдирүүлөр «ар-намыска шек келтирет» деп активисттердин үстүнөн сотко кайрылышкан.

Январда Алматы шаардык соту үч активисттин апелляциялык арызын канааттандыруудан баш тарткан.

Видео

XS
SM
MD
LG