Ссылки доступа

Орусия Тажикстандагы жарандарын алып кете баштады (видео)


Россия вывозит из Душанбе таджикистанцев с российскими паспортами
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:58 0:00

Орусия Тажикстандагы жарандарын алып кете баштады. 22-июнда пландалган беш аба каттамдын алгачкысы аткарылып, жүргүнчүлөр Новосибирск жана Екатеринбург шаарларына жеткирилди. Алардын көбү кош жарандыгы бар тажикстандыктар.

Дүйшөмбү күнү каттамга илинбей калган жүздөгөн жаран Душанбе аэропортуна келип, бирок учуп кете алышкан жок. Алар Орусиянын мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталында каттоого турганы менен тизмеге киргендиги тууралуу расмий жооп алышкан эмес. Буга көпчүлүгүнүн электрондук порталдын ишине түшүнбөй, анкетаны туура эмес толтургандыгы себеп болгону айтылууда.

Миграция маселеси боюнча эксперт Рахмон Ульмасов Орусия кош жарандыгы бар тажикстандыктарды алып кетүү үчүн пландаган беш каттам жетишсиз болот деп эсептейт. Анын айтымында, жалпысынан Орусияга учуп кетүүнү каалагандардын саны он миңдеп саналат.

«Орусиялык статистиканын расмий маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 400 миңге жакын тажикстандык кош жарандык алган. Азыр жок дегенде алардын 10% Тажикстанда жүрөт десек, анда каттамдардын санын бир нече эсе көбөйтүү керек», — деди Ульмасов.

Кийинки төрт каттам 1-июлга чейин аткарылат деп күтүлүүдө. Алардын экөө Москвага, бирөө Санкт-Петербург жана дагы бирөө Казан шаарларына учат.

XS
SM
MD
LG