Ссылки доступа

Тажикстан «Азот» заводун сатат


Тажикстан өкмөтү азот жер семирткичин өндүрүү боюнча өлкөдөгү ири компания эсептелген «Азот» заводунун акцияларын эл аралык сатыкка коёт. Бул тууралуу президент Эмомали Рахмон кол койгон өкмөттүн тиешелүү токтомунда жазылган.

Документке ылайык, ишкана акцияларынын (747 100 акция) баштапкы наркы 18,5 миллиондон ашык долларга бааланган

Тажик өкмөтү «Азоттун» болочоктогу ээсине карата бир нече шарттарды койгон. Ага ылайык, жаңы ээси үч жыл ичинде Яван-Леваканд газ түтүгүн куруу милдеттенмесин алып, 1100 туруктуу жумуш ордун түзүшү керек. Мындан тышкары ал ишкананын буга чейин алган насыяларын төлөп берүүгө милдеттүү болот.

1967-жылы курулган завод ишин Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтоткон. 2001-жылы украиналык ишкер Дмитрий Фирташ сатып алып, анын базасында биргелешкен ишкана түзүлгөн. Анын акцияларынын 75% Фирташка, 20% тажик өкмөтүнө жан 5% Тажикстандын мурдагы өнөр жай министринин уулуна таандык болгон.

2014-жылы Фирташтын Group of DF компаниясы улутташтырган.

2016-жылы заводдун базасында «Нурихои Осиё» деп аталган тажик-кытай биргелешкен ишканасы түзүлгөн. 2019-жылы Тажикстан ортодогу макулдашуунун шарттары аткарылбаганын жана ишкана белгиленген мөөнөттө ишке кирбегенин билдирип, Кытайдын «Хэнань Чжун» компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу негизде бузган.

«Азот» ишканасы 12 жылдан бери иштебей турат. Мындан улам Тажикстан минералдык жер семирткичтерди башка өлкөлөрдөн кымбат баада сатып алууга аргасыз. Адистердин эсебинде, өлкө жыл сайын Орусия менен Өзбекстандан 70 миллион долларга аммиак жана карбамид сатып алат.

XS
SM
MD
LG