Ссылки доступа

AI активисттин соттолушу боюнча казак бийлигин сындады


Эл аралык Amnesty International (AI) укук коргоо уюму жарандык активист Алнур Ильяшевдин соттолгону боюнча казак бийлигин айыптады.

”Казак бийлиги бийликке нааразы болгондордун үнүн басуу үчүн COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү максатында киргизилген өзгөчө абалды уялбастан колдонууда. Альнур Ильяшев эч кандай кылмыш жасаган эмес. Ал өз пикирин гана билдирди. Бийлик жана анын “эксперттери” муну кылмыш катары мүнөздөп, катаал жазалашты”, – деди уюмдун иликтөөчүсү Хеза Макгилл.

Алматы соту 22-июнда Алнур Ильяшевди “өзгөчө абал учурунда жалган маалымат таратты” деп айыптап, үч жылга эркинен ажыраткан.

43 жаштагы Ильяшев быйыл апрелде камакка алынган. Ал соцтармактарга башкаруучу ”Нур Отан” партиясынын коррупциялык иштерин сындап, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдөгү иш билгисиздиги боюнча жеке пикирин билдирген.

Эл аралык уюмдар активист кармалгандан кийин Казакстан бийлигине кайрылып, ага тагылган айыптарды алып, аны эркиндикке чыгарууга үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG