Ссылки доступа

Казакстан: башкы санитардык дарыгер жумушчулардан ПЦР-тест талап кылууну токтотууга чакырды


Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова 23-июнда өткөн онлайн-брифинг учурунда жумуш берүүчүлөргө кайрылып, кызматкерлерден коронавируска ПЦР-тест тапшырууну талап кылууну токтотууга чакырды. Анын айтымында, лабораторияларга ансыз да өтө күч келип жатат.

Есмагамбетова тестти биринчи кезекте оорунун ачык белгилери бар кишилер тапшырышы керек экенин белгиледи. Ал иш берүүчүлөр кеңселерде социалдык аралыкты сактоо, ырааттуу түрдө температураны текшерүү, беткап режимин кармоо менен жумушчулардын коопсуздугун камсыздашы керек деп эсептейт.

Буга чейин Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Лязат Актаева 56 лабораторияда коронавируска тест тапшыруу жүрүп жатканын маалымдаган. Ал суткасына 28 миң тест жүргүзүлөрүн, бул санды 35 миңге жеткирүү пландалып жатканын айткан. Өткөн аптада Нур-Султан жана Алматыдагы жеке эки ири лаборатория профилактикалык иштерге байланыштуу тест жүргүзүүнү токтоткон.

Бийлик өкүлдөрү тесттер чектелүү өлчөмдө экенин, аны зарыл учурда гана жүргүзүү керектигин айтышууда.

Казакстанда жалпысынан 28,8 миң киши вирус жуктуруп алды, алардын 127си көз жумду. Ошол эле маалда COVID-19 жуктуруп алгандан кийин каза тапкан дагы ондогон киши коронавирустан өлгөндөрдүн тизмесине киргизилген эмес. Саламаттык сактоо министрлиги алардын өлүмүнө вирус эмес башка оорулары себеп болгон деген тыянак чыгарган.

XS
SM
MD
LG