Ссылки доступа

Тажикстан президенти Орусияда мигранттар менен жолукпайт


Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Москвадагы сапары учурунда мигранттар менен жолугушуусу каралган эмес. Бул тууралуу “Озоди” радиосуна тажик лидеринин маалымат катчысы Абдуфаттох Шарифзода кабарлады.

Анын айтымында, коронавирус коркунучуна байланыштуу сапар учурунда тажик жарандары менен жолугушуу болбойт.

Абдуфаттох Шарифзода тажик президентин коштоп баруучулар эки апта карантинде болушканын жана үч жолу коронавируска тест тапшырышканын кошумалады.

Эмомали Рахмон 23 июнда Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадга катышуу үчүн Москвага жөнөп кеткен. Аны чет өлкөлүк байланыштар боюнча кеңешчиси, коргоо министри жана башка аткаминерлер коштоп жүрөт.

Анын алдында Орусияда жашаган укук коргоочу Иззат Амон Эмомали Рахмонго видеокайрылуу жолдоп, пандемия маалында көптөгөн көйгөйлөргө кабылган мигранттардын үнүн угуу үчүн алар менен жолугушууга чакырган.

23-июнда Кремль парадга катыша турган лидердердин аттарын жарыялаган. Тизмеде БУУга кирген мамлекеттин жети жетекчиси гана бар: Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери. Эл аралык коомчулук тааныбаган Абхазия жана Түштүк Осетиянын жетекчилери да катышмакчы. Москвадан айырмаланып, дүйнө коомчулугу ал эки аймакты Грузиянын бөлүгү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG